Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Кар көчкүдө калгандарга "Ардактуу жолчу" наамы берилди

Транспорт жана жолдор министрлигинин кар көчкү басып калып каза тапкан кызматкерлерине 27-майда "Ардактуу жолчу" наамы берилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка караганда, маркумдардын жакындарына министрликтин эмгек жамааты акча чогултуп беришкен.  

Быйыл 28-мартта Бишкек-Ош каттамынын 255-чакырымында №23 жол оңдоо ишканасынын төрт кызматкери - Анарбек Момуналиев, Нурбек Орунбеков, Султангазы Жапаркулов жана Курсант Акчабай уулу түшкөн "Тойота Пикап" машинеси кар көчкү алдында калган.

Ал жерде "Лексус" жана “Субару-легаси” үлгүсүндөгү машинелердин ичинен алты киши аман куткарылган. 

XS
SM
MD
LG