Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Чеченстан: парламент спикери кумсалар куугунтукталганын төгүндөдү


Чечен парламентинин спикери Магомед Даудов.
Чечен парламентинин спикери Магомед Даудов.

Орусиянын Чеченстан республикасынын спикери Магомед Даудов кумсаларды куугунтуктоого аралашкан деген айыптарды четке какты. Инстаграмдагы баракчасына "тукумдун бузулушунун белгиси" деп эсептей турган "үй-бүлөлүк баалуулуктардын алмашуусуна" каршы чыкканын жазды.

Ал мындан тышкары Чеченстанда эч качан кумсалар болбогонун жана аларды жек көрөрүн билдирди. Даудов укук коргоочулардын гомосексуалдарды кыйноо жана өлтүрүүлөр тууралуу маалыматын "ушак" деп атап, алар менен соттошууга даярдыгын кошумчалады.

Буга чейин чечен парламентинин катчылыгынын өкүлү Зелимхан Жамалдинов депутаттар Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун республика бийлигинин кумсаларды кыйноо жана өлтүрүүгө катышы бар деген билдирүүсүнө көңүл бурбай турганын айткан.

Аталган уюм бейшембиде жарыяланган баяндамасында 2017-жылдын мартында Чеченстандан ондогон кумсалардын, бисексуалдардын чыгарылганын, кыйноого алынганын ырастаган далилдер бардыгы айтылган. Куугунтукту уюштурууда маанилүү ролду Магомед Даудов ойногонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG