Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Патриарх Кирилл Кыргызстанга келди


Патриарх Кирилл.
Патриарх Кирилл.

27-майда келген Орус православ чиркөөсүнүн башчысы, патриарх Кирилл Кыргызстанда эки күндүк сапар менен жүрөт. Москва жана Бүткүл Рус патриархынын басма сөз кызматы билдиргендей, 27-майда "Манас" эл аралык аэропортунан аны орус чиркөөсүнүн өкүлдөрү, Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов баштаган өкмөт өкүлдөрү, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси тосуп алышты.

Патриарх Кирилл Кыргызстанга баарынан мурда православдар менен бирге сыйынууга келгенин айтты. "Кыргызстан орустар жана кыргыздар ынтымакта жашаган абдан меймандос өлкө", - деген патриарх таланттуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргыз жана орус тилинде жазганы эки элдин маданияты тыгыз байланышта экенинен, кыргыз элининин турмушунда орус тили жана маданияты чоң орунду ээлей турганынан кабар берерин кошумчалады.

Патриарх Кирилл Кыргызстанда эки күндүк сапары маалында Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугуп, Бишкектин Свято-Воскресенский кафедралдык соборуна барып литургия аткарат, 12-кичирайондогу Владимир соборунун алдында ачыла турган православдык гимназиянын пайдубалына капсула коет.

Кыргыз-Славян университетинде анын “Эркиндик жана жоопкерчилик” деп аталган китебинин кыргызча котормосунун бет ачары болот.

Патриарх Кирилл бул кызматка 2009-жылы киришкен, ошондон бери 26 мамлекетти кыдырды. Коңшу Казакстанда эки жолу болгон.

Орус православ чиркөөсүнүн мурдагы башчысы Алексий II Кыргызстанда 2004-жылы болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG