Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда Жалал-Абад шаарында бир нече жолу мыйзам бузган учур катталды. Бул тууралуу "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азамат Адилов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, айрым атка минерлердин добушканага кирген учурлары каттоого алынган. Ошондой эле тизмеде жок шайлоочуга бюллетень берилген учур аныкталды.
Кечээ шаардагы №2115 шайлоо участкасында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковдун комиссия мүчөлөрү менен талашып жатканы тартылган видео интернетке тараган. Байкоочулар анын шайлоо комиссияларына басым көрсөтүп жаткандыгын айтып чыгышкан. Депутат бул айтылгандарды четке каккан.
Ошондой эле байкоочулар №3 мектепте жайгашкан добушканада мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев ызы-чуу салганын билдиришкен. БШК мэрдин милдетин аткаруучу шайлоо комиссиянын материалдык жактан камсыз болушун карап добушканага киргенин, бул боюнча аймактык шайлоо комиссияларынан тиешелүү түшүнүк каттар алынганын жарыялаган. Маалыматка караганда, байкоочулар жана шайлоочулар тарабынан добуш берүүгө аткаминердин таасири тууралуу арыз, даттануулар келген эмес. Эреже боюнча аткаминерлердин добушканада жүргөнгө укугу жок. Жекшембиде 41 жергиликтүү кеңешке кезектеги жана мөөнөтсүз шайлоо өттү. Анын алдын ала жыйынтыктары чыгарылып жатат. (NT)