Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:43

Бишкекте бүгүн кечки саат 7 чамасында катуу шамал болду. Анын ылдамдыгы секундасына 21 метрге жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Шамалдан улам Ала-Тоо аянтында Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына карата өтүп жаткан концерт учурунда сахнанын баннери айрылып, элге өнөр тартуулап жаткан аскердик оркестрдин өкүлдөрүнүн баш кийимдерин учуруп кеткенин көрүүчүлөр айтышууда. Ошондой эле шамал бир катар көчөлөрдө да баннерлер, жарнак такталарын учуруп кеткени, бак-дарактар кулаганы кабарланды.

Азыр катуу шамалдын кесепеттери такталууда. 25-майдан бери Жалал-Абад, Нарын аймактарында жана Ош облусунун Өзгөн районунда катуу шамал катталып, анын ылдамдыгы 23 метрден 27 метрге чейин жеткен.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте секундасына 24-25 метрге жеткен шамал болорун эскерткен. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG