Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Ош облустук сотунда зордуктоого кабылды деген секелектин иши каралат

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ош облустук сотунда бүгүн айылдашы зордуктоого аракеттенди деген секелектин иши каралат.

Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, сотко жабырлануучу жана анын энеси да катышат.

Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну Насиба Нурматова былтыр июнда 11 жаштагы кызын 30 жаштагы коңшусу зордуктоого аракеттенгенин, бирок ага кичүү кызы болушуп, арам ою ишке ашпай калганын айтып, сотко кайрылган.

Апрелде Ош шаардык соту кызды зордуктоо аракети териштирүүдө аныкталбады деген жүйө менен шектүүнү актаган. Жабырлануучу тарап буга макул болбой Ош облустук сотуна кайрылган. Облустук соттон бул иш боюнча аппеляциялык арыз келгенин ырасташты.

Окуяга шектелген адамдын жакындары секелек зордуктоо аракетине кабылды деп айтылгандарды четке кагып, күнөөнү жабыркаган тарапка оодарып келишет.  (NT)

XS
SM
MD
LG