Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Маккейн: Путин "Ислам мамлекетине" караганда коркунучтуу


Сенатор Жон МакКейн.
Сенатор Жон МакКейн.

Америкалык сенатор Жон Маккейн Орусиянын президенти Владимир Путин "Ислам мамлекети" террордук тобуна салыштырмалуу глобалдык коопсуздукка көбүрөөк коркунуч туудурарын айтып, Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү үчүн Москвага киргизилген санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

Сенатор бул тууралуу 29-майда австралиялык телеканалдардын бирине курган маегинде айтты. Ал ошондой Путинди Украинанын "майдаланышына" жана "Балтика мамлекеттерине жасаган басымы" үчүн айыптады.

Жон Маккейн Сенаттагы Коргонуу комитетин жетектейт жана Конгресстеги тышкы саясат боюнча маанилүү фигуралардын бири катары саналат.

Маккейн Орусия 2016-жылы өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир эткени тууралуу эч кандай далил жоктугун, бирок Кремл чет жактагы шайлоолордун жүрүшүнө, анын ичинде жакында эле Францияда болгон добуш берүүгө таасирин тийгизенге аракет кылганы маалым экенин айтты.

"Мен Орусияны биз дуушар болуп жаткан чоң коркунуч катары карайм. Ошол себептен санкцияларды күчөтүү зарыл", - деди Маккейн.

XS
SM
MD
LG