Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Макрон-Путин: алгачкы кездешүү


Макрон Путинди Париждин сыртындагы Версаль сарайынын алдында тосуп алды, 29-май 2017-жыл.
Макрон Путинди Париждин сыртындагы Версаль сарайынын алдында тосуп алды, 29-май 2017-жыл.

Франциянын жаңы президенти Эммануэл Макрон биринчи жолу орус лидери Владимир Путин менен жолугушту.

2014-жылдагы Крымдын аннексиясынан кийин президент Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнөн өтө сейрек чакыруу алып калган эле. Анын үстүнө мурдагы француз президенти Франсуа Олланддын тушунда Орусия менен Франциянын мамилеси бир топ солгундап кеткен.

Франциядагы соңку президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Путиндин ашкере-оңчул талапкер Марин Ле Пенди Москвада кабыл алганы да талкууга түшкөн. Буга кошумча Эммануэл Макрондун штабы орус хакерлеринин чабуулуна кабылганын билдирген.

Мындай оңой эмес мамиледен кийин жаңы президент Макрон алгач ирет орус лидери Путин менен дүйшөмбүдө Париждин четиндеги Версаль сарайында кездешти.

Француз-орус лидерлеринин маалымат жыйыны
Француз-орус лидерлеринин маалымат жыйыны

Француз президенти жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында террорчулукка каршы күрөш маселесинде орток пикир табылганын айтты:

"Биздин башкы максатыбыз - террорчулукка каршы күрөш жана террорчул топтордун, өзгөчө "Ислам мамлекети" тобунун тамырын кыркуу. Бул принцип биздин Сириядагы кадамдарыбызга багыт көрсөтөт. Эл аралык коалициянын алкагындагы ишибизден тышкары Орусия менен өнөктөштүгүбүздү күчтөндүрө аларыбызды көргүм келет".

39 жаштагы Макрон "Чоң жетинин" өткөн аптадагы саммитинен кийин орус президенти менен жолуккан алгачкы Батыш лидери болуп калды. Италияда өткөн саммитте "Чоң жетиге" кирген өлкөлөр Украинадагы кырдаал өзгөрбөсө, Москвага каршы жаңы чараларды карап көрүүнү макулдашышкан.

Макрон Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу үчүн курамына Орусия, Украина, Франция жана Германия кирген Норманд төрттүгүнүн сүйлөшүүлөрүн жанданттуу керектигин айтты. Ошондой эле Украинадагы кырдаал курчуй турган болсо санкциялар болушу мүмкүндүгүн ишара кылды.

Ашкере-оңчул саясатчы Марин Ле Пен март айында Кремлде орус президенти Путин менен жолуккан.
Ашкере-оңчул саясатчы Марин Ле Пен март айында Кремлде орус президенти Путин менен жолуккан.

Президент Путин санкцияларга карабастан француз бизнесмендери Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотпогонун айтып, бул жолугушууда оң жыйынтыктар байкалганын кыйытты жана француз президентин Москвага чакырды:

"Биз эл аралык маселелерде биргелешип иштөөнүн жолдорун издөө менен алек болдук. Биз анын жолун таба алчудайбыз. Учурдагы орток маселелерди чечүү үчүн чогуу алдыга жылууга, эң жок дегенде буга аракет кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар".

"Хьюман Райтс Уотч" баштаган бир катар эл аралык уюмдар Макронго кайрылып, Путин менен жолукканда Орусиядагы адам укуктары маселесин көтөрүүгө чакырышкан. Алар Чеченстанда кумсалар куугунтукталып жатканын жүйө келтиришкен эле. Макрон жолугушууда бул маселе көтөрүлгөнүн, орус президенти Владимир Путин бир катар чаралар көрүлдү деп ишендиргенин айтты.

"Чоң жетинин" лидерлери Украинадагы кырдаал өзгөрбөсө, Орусияга каршы санкциялар болушу мүмкүндүгүн ишара кылышкан.
"Чоң жетинин" лидерлери Украинадагы кырдаал өзгөрбөсө, Орусияга каршы санкциялар болушу мүмкүндүгүн ишара кылышкан.

Маалымат жыйынында орус журналисти Макрондон эмне себептен шайлоо штабына орусиялык Russia Today жана "Спутник" агенттиктеринин кабарчыларын киргизбей койгонун сурады. Француз президенти бул медиа каражаттар жалган маалыматтарды таратканын, шайлоо өнөктүгү маалында өзүнө каршы пропаганданын ролун аткарганын белгиледи.

Француз-орус лидерлеринин бул жолугушуусу Версалда орус падышасы Петр I арналган көргөзмөгө туура келди. Быйыл Орус империясын жаңылаган падыша катары саналган Петр I Парижге жасаган тарыхый сапарынын 300 жылдыгы белгиленип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG