Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:16

Пакистандын түндүк-чыгышында Ооганстандагы таасирдүү талаа командирлеринин бири Гүлбеддин Хекматиярдын жакын санаалашы, мурдагы жеке катчысы Мохаммад Фаридди белгисиз адамдар атып кетишти. Хекматиярдын"Хезб и-Ислами" тобу 30-майдагы бул окуяны "тынчтыкка шек келтирген көрүнүш" деп мүнөздөдү.

Фарид Пешавардагы мечиттен үйүнө кайтып келе жатканда кол салууга кабылып, окуя болгон жерде жан бергенин жергиликтүү полиция кабарлады. Буга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок Ооганстандагы жоочулардын арасында Хекматиярга касын тиккендер көп болчу.

Гүлбеддин Хекматияр 2001-жылдан тарта АКШ жана ооган күчтөрүнө каршы күрөшүп келген. Бирок жакында ооган өкмөтү менен тынчтык макулдашуусуна кол коюп, май айынын башында Кабулга кайтып келген. Ал Ооганстандагы жоочуларды өзүнүн жолун жолдоого чакырган эле.

XS
SM
MD
LG