Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Казакстан: журналисттин камактагы мөөнөтү дагы бир айга узарды


Жанболат Мамай жана анын атасы Мамай Беккожиев (солдо).
Жанболат Мамай жана анын атасы Мамай Беккожиев (солдо).

Казакстанда сот оппозициячыл журналист Жанболат Мамайдын камактагы мөөнөтүн 10-июлга чейин узартты. Сот бул чечимин БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовго чыккан өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө кире электиги, буга байланыштуу Мамайдын иши азырынча каралбай турганы менен түшүндүргөн.

Сотко журналисттин тарапташтары, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Аларды имараттын ичине киргизишкен жок.

Оппозициялык "Трибуна" гезитинин 28 жаштагы редактору Жанболат Мамай 10-февралдан бери Алматы шаарынын тергөө абагында отурат. Ал мурунку банкир Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталууда. Бирок экөө тең бул айыпты четке кагып, аны кармоо максаты саясий өңүттө экенин билдирип келишет.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары буга чейин Казакстан бийлигин Мамайды токтоосуз бошотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG