1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата бүгүн да жер-жерлерде майрамдык оюн-зоок, концерттер уюштурулду. Кыргызстандын калкынын 40 пайызга жакынын балдар түзөт. Бишкек шаарынын октябрь районундагы балдардын «Шайыр» чыгармачыл борборунан тартылган сүрөттөрдү сунуштайбыз.
Балдарга кубаныч тартуулаган майрам
Бишкектеги балдардын "Сейтек" борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген 600 балага арналган концерт болду. Асанбек Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында мектеп окуучуларынын жана мектепке чейинки балдардын театралдык оюн-зооктор коюлду. Ошондой эле Балдардын чыгармачылык борбору "Сергек жашоонун сырлары" деп аталган оюн-зоок тартуулады. «Ала-Тоо» аянтында балдардын сүрөт көргөзмөсү ачылган.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата коомчулукка кайрылуу жасады.
Кыргызстанда жарандык активисттер 1-июндан башка күндөрү балдарды коргоого жеткиликтүү көңүл бөлүнбөйт деген сын айтып келишет. Буга чейин балдарды коргоо күнүн шаан-шөкөт менен өткөрүүнүн ордуна балдарды коргоо жаатындагы иш-чараларга басым жасоо керек деген маселени КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева да парламентте көтөргөн.
Башкы прокуратура тараткан соңку маалыматка караганда, Кыргызстанда былтыр балдарга карата 824 кылмыш жасалса, анын 106сы сексуалдык мүнөздө болгон. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон.