Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Меркел: оогандарды депортациялоо улантылат


Кабулдагы немис элчилигинин жаны жардыруудан кийин. 31-май, 2017-жыл.
Кабулдагы немис элчилигинин жаны жардыруудан кийин. 31-май, 2017-жыл.

Немис канцлеринин айтымында, Германиядан башпаанек ала албаган оогандарды депортациялоо Кабулда 31-майдагы ири жардырууга карабай улантылат.

Ангела Меркел бул тууралуу бүгүн билдирди.

Ооган борборундагы кечээ, немис элчилигине абдан жакын жерде болгон ири жана кубаттуу жардыруудан кеминде 90дой кишинин өмүрү кыйылып, 400дөн ашууну жаракат алган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бомба катылган автоцистернаны жардыруудан өлгөндөр менен жаракат алгандардын көбү аялдар менен балдар.

Бул окуядан кийин Германия оогандардын бир бөлүгүн мекенине депортациялоону токтоткон болчу.

Канцлер Меркел 1-июнда Брюсселден белгилегендей, Берлин башпаанек берилбеген оогандарды депортациялоо алдында Ооганстандагы коопсуздук кырдаалына кылдат көңүл бурат.

Мурда качкын макамын сураган арыздары четке кагылган оогандардын көбү Германияда коопсуздук жүйөсүнөн улам кала алышчу. Бирок былтыр немис өкмөтү Ооганстандын белгилүү бир аймактарын кооптуу эмес деп тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG