Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Абактагы радикалдашуунун алдын алуу маселеси талкууланып жатат


Бүгүн Бишкекте абак жайларындагы радикалдашуунун алдын алууга байланыштуу эл аралык тажрыйбаны талдаган тегерек үстөл өтүп жатат.

Анда террорчулук менен экстремизм боюнча соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын абактагы башка жарандарга таасирин чектөөнүн шарттары талкууланууда. Анда бурмаланган диний идеологияга азгырып, экстремизм жана терроризм агымдарынын социалдык базасы кеңейип жатканы айтылды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров абак жайларындагы шарт катардагы соттолуучулардын радикалдашуусуна өбөлгө түзүп жатканын белгиледи.

Кыргыз абактарында диний радикализм менен соттолгондорду башка кылмыштар менен кесилгендерден бөлүп, өзүнчө кармоо тажрыйбасы 2016-жылдын соңунда башталган.

Диний экстремизм боюнча соттолгондор Чүй облусундагы №27, 47 жана 3-абакта кармалат. Алар камераларда өз-өзүнчө кармоого каршы болуп, быйыл январда ачкачылык жарыялаган. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG