Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Кабулда демонстранттарды токтотуу үчүн асманга ок атылды


Кабулдагы демонстрация. 2-июнь, 2017-жыл.
Кабулдагы демонстрация. 2-июнь, 2017-жыл.

Кабулдан түшкөн маалыматтарга караганда, бүгүн миңдей адам президент Ашраф Ганинин өкмөтүнүн кызматтан кетишин талап кылып, 31-майда ири жардыруу болгон жерге жыйналган.

Коопсуздук күчтөрү демонстранттар аларды жарып өтүүгө аракеттенгенде асманга ок чыгарышкан. Мындан кийин демонстранттардын бир бөлүгү президенттин сарайын карай жүрүшкө чыгып, бирок көпчүлүгү тарап кеткен.

31-майдагы жардыруудан кеминде 90дой кишинин өмүрү кыйылып, 460тан ашууну жараат алган. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Талибан чабуулга тиешеси жоктугун айтып чыкты.

Бирок Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, Ооганстандын башкы чалгын мекемеси - Коопсуздук боюнча улуттук директорат жардырууну Талибанга байланышы бар "Хаккани" кыймылы уюштурган, ага Пакистан тараптан да жардам келген деп эсептөөдө.

Ушундай эле ойду мурдагы ооган расмий өкүлдөрүнүн айрымдары да айтышты. (UE)

XS
SM
MD
LG