Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Дүйнөлүк Банк: 2017-жылы Орусиянын экономикасында өсүш болот


Кремль.
Кремль.

Үстүбүздөгү жылы орус экономикасынын өсүшү 1,3% болорун белгилеген Дүйнөлүк банк өлкө эки жылдык рецессиядан кийин кайра калыбына келип, калктын керектөөсү жогоруларын билдирди. Дүйнөлүк банктын 4-июндагы баяндамасында орус экономикасы 2018-жылы 1.4% көтөрүлөрү, өткөн жылы бул көрсөткүч 0,2% төмөн болгону көрсөтүлгөн.

Орусия рецессиядан чыгып, баалардын өсүшү токтоп, валютасы турукташууда. Ошондой эле экспорттун оң таасири байкалганы” баяндамада айтылат.

Аны менен катар эле Орусиянын эл аралык базарга чыгуусунун чектелиши экономиканын өсүү ыргагын жайлатары дагы айтылат. Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Батыш мамлекеттери киргизген санкциялардан жапа тартты. Орусия менен Украинадагы кырдаалдын экономикага “жагымсыз кыйыр таасиринин” азайышы Беларус, Молдова жана Грузия сыяктуу коңшуларына дагы пайдалуу экени баяндамада белгиленет.

Дүйнөлүк банк АКШ экономикасынын өсүшү өткөн жылкы 1,6% ордуна быйыл 2,1% жетет деп көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG