Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

Орусияда синоптиктерге айып пул салуу сунушталды


Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков
Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков Гидрометеорологиялык борбордун жооптуу кызматкерлерине аба ырайы тууралуу так жана өз учурунда маалымат бербесе айып салууну сунуштады.

29-майда Москвада жана Подмосковьеде катуу шамалда 15 киши өлүп, 200дөй адам жабыр тарткан. 30 миңдей бак-дарак кулап, эки миңдей автоунаа жана 250дөй имаратка зыян келтирилген.

Москва регионунун көпчүлүк тургундары ӨКМнен эскертүү SMS кабар алышкан эмес. Дүйшөмбүдө эртең менен гана министрлик калкка “аба ырайы бузулушу мүмкүн” экенин эскерткен.

Орусиядагы Гидрометеорологиялык борбордун директору Роман Вильфанд 29-майдагы аба ырайы тууралуу так жана өз учурунда маалымат берилгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG