Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Москвадагы бороон: эскертүү албагандар көп болгон


Москва шаарында жана облусунда 16 адамдын өмүрүн алып, ондогон кишини жарадар кылган бороон-чапкын тууралуу алдын ала эскертүү келбегени кызуу талкууланууда.

Роза Таберикова Орусиядагы кыргызстандык мигрант, мекендештер арасындагы активисттердин бири. Жетекчиси эскертпегенде балким ал дагы бороондо калмак. Ал буга чейин дайыма телефонуна келип турчу чукул эскертүү бул ирет келбей калганына таң калып отурат:

- Саат 11лер чамасында жумушка келгенде баары тынч, аба ырайы дурус болчу. Анан эле бир жакка документ жеткирип барсам жетекчим чалып, "ошол жерден чыкпай тур, катуу шамал болуп жатат", - деди. Ал эми тиешелүү кызматтардан билдирүү таптакыр келген эмес. Мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан төгөт, кар жаашы мүмкүн деген сыяктуу билдирүүлөрдү жиберип турчу.

Кандуу бороондон кийин орусиялыктардын өздөрү да алдын ала эскертүү алышпаганын интернетте талкуулашууда.

"Эмне үчүн шаарда аба ырайы бузулбаганда же бир аз жаан жааганда деле мага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кооптуулуктун саргылтым деңгээлиндеги билдирүү келет. Бирок бороон даракты тамыры менен жулуп жатканда унчугушпайт" деп жазат Фейсбукка Москванын тургундарынын бири.

Дагы бир интернет колдонуучу "катуу шамалдын жакындап калганын кимдир бирөө билди беле?" деп суроо узатат.

Оппозициячыл саясатчылардын бири Владимир Рыжков Твиттер баракчасына "Бороон тууралуу СМС билдирүү болбогон үчүн адамдар өмүрү менен кош айтышты, жаракат алышты. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кемчилиги" деп жазды.

Орусиялык маалымат каражаттарынын жазышынча, алдын ала кабарлама алгандар да бар. Айрымдарына болсо апаат бүткөндөн кийин кабар келген. Ошентсе да эскертүү албай калгандар көп болгон. Буга байланыш операторлору Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айыптоодо.

"Эскертүүнү кайсы райондогу абоненттерге жөнөтүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аныктайт", дейт "Медуза" агенттигине "Мегафондун" пресс кызматы.

Ал эми МТС болсо "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги байланыш операторлорусуз эле атайын платформанын жана контент-провайдердин жардамы менен абоненттерге маалымат жибере алат" деп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо, күнөөнү компанияларга оодарды. Маалымат кызматынын жетекчиси Алексей Вагутович:

- СМС маалымат берүү уюштурулуп, бардык операторлор таратыла турган зарыл текстти алышкан. Андан тышкары медиага да маалымат берилген. Бизде башка да маалымдоо ресурстары бар, мисалы, ОКСИОН (элди маалымдоо боюнча бүткүл орусиялык комплекс), транспорттогу жүгүртмө билдирүүлөр, социалдык сайттар. Радио менен теледен кооптуулуктун саргылт деңгээли тууралуу маалымат таратылган, - дейт "Медузага".

Ошентип 12 миллиондон ашуун калк жашаган Москва шаары менен жети миллиондон ашуун эли бар Москва облусунун башына түшкөн кырсыкты алдын алуу чаралары боюнча талаш-тартыштар күч алууда.

Бул арада Орусиянын Тергөө комитети табият кырсыгынан өлгөндөр жана жабыркагандар боюнча ар тараптуу иликтөө баштаганын билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, 29-майда Москва шаарында жана облусунда ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен бороондон 16 адам өлүп, 150гө жакын киши жаракат алышкан. Ошондой эле эки миңдей автоунаа талкаланып, 27 миңдей дарак кулаган. Мындан тышкары жүздөгөн инфраструктуралык объектке зыян келген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлгөндөр арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирүүдө. Москвадагы элчилик жабыркагандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG