Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Лондондо терактка байланыштуу кармалган 12 киши бошотулду


Лондон көпүрөсүндөгү теракты жасаган едп шектелген Курам Батт (солдо) жана Ричард Редуэйн
Лондон көпүрөсүндөгү теракты жасаган едп шектелген Курам Батт (солдо) жана Ричард Редуэйн

Британ полициясы 3-июнда Лондон көпүрөсүндөгү террордук чабуулга байланыштуу кармалган 12 кишиге айып такпастан коё берди.

Кармалгандардын бардыгы тең чабуул жасады деп шектелген. Алар аты аталган эки киши жашаган Баркинг районунун тургундары.

Лондон полициясынын маалыматы боюнча 3-июндагы кандуу чабуулду 27 жаштагы Курам Батт менен 30 жаштагы Ричард Редуэйн жасаган. Үчүнчү кишинин аты-жөнү азарынча айтыла элек. Батт Пакистанда туулган, британ жарандыгын алып жүргөн, мурда британдардын атайын кызматына белгилүү болгон. Редуэйн (Рашид Эльдар ысым менен да жүргөн) Ливиянын жана Марокконун жарандыктарына ээ болгон.

Sky News телеканалы өз булактарына таянып, чабуул жасагандар айдап барган кичи автобустун багажынан 10 бөтөлкөдөй колго жасалган жардыруучу заттар табылганын кабарлады.

3-июндун кечиндеги кол салуулардан жети киши набыт кеткен эле. Марттын этегинен бери Британияда ушуну менен үчүнчү теракт болду.

XS
SM
MD
LG