Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:30

Беларуста "Славян бир туугандардын" аскерий машыгуусу башталды

Орусиянын армиясы машыгууларда, 6-апрель, 2016
Орусиянын армиясы машыгууларда, 6-апрель, 2016

Беларус, Орусия жана Сербия беларустардын Польша менен чек арасына чукул жеринде биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп жатат. 6-июнда машыгуунун ачылыш аземинде полковник Алексей Сгибнев "Славян бир туугандар - 2017" үч мамлекет өз ара тыгыз кызматташып, учурдун эң чоң душманы - эл аралык терроризмге каршы чогуу күрөшүүнү макулдашканын" көрсөтөрүн айтты. 14-июнга чейин пландалган машыгууларга 300дөн ашуун орус, 400 беларус жана 50 серб аскери  катышууда.  

Анда орустардын Ил-76МД согуштук транспорту жана беларустардын аскерий учактары колдонулууда. 

НАТОнун мүчөсү Польша менен чектеш жердеги аскерий машыгуу Монтенегро Түндүк альянска 29-мүчө болуп расмий кабыл алынгандын эртеси башталды. 

Аскерий машыгуулар биринчи жолу 2015-жылы Орусиянын Краснодар крайында өтсө, экинчи ирет былтыр Сербияда болгон. 

XS
SM
MD
LG