Пакистандагы "Талибан" кыймылы өткөн жылы уурдалган, Польшанын нефть жана газ компаниясында иштеген алты жумушчуну барымтадан бошотконун бул өлкөнүн бийликтери билдирди. Краков шаарынан барган алты польшалыкты исламчыл топ 2016-жылдын ноябрында өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынан уурдап кетишкен.
"Алар эч кандай шарт коюлбастан 4-июнда бизге өткөрүлүп берилди" - деди Түштүк Вазиристандын уруулар байырлаган районундагы бийликтин өкүлү Зафрул Ислам Хаттак чет элдик медиалардын бирине. Хаттак жергиликтүү уруу лидерлери чет элдик жумушчуларды бошотууну макулдашканын кошумчалады. Барымтадан чыккандар Түштүк Вазиристандын Вана шаарына жеткирилгенин шаар жетекчилеринин бири Мухаммед Тахир айтты.