Президент Владимир Путин Орусиянын жарандыгын алып жаткандарга ант берүүнү киргизүүнү сунуштады.
"Бир катар чет мамлекеттердин тажрыйбасындай эле биздин өлкөнүн жарандыгын алып жаткандардын өлкөнүн мыйзамдарын, салтын, тарыхын сыйларын билдирген ант (салтанаттуу акт) беришин ойлонуштурсак болот" - деди Путин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукканда.
Путин ошондой эле антты бузгандар үчүн дагы анын "юридикалык кесепетин" кошо көрсөтүүнү сунуштады.
Володин Орусияга "берилгендиктин антынын" текстин даярдап, президентке көрсөтүүнү убада кылды.