Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:04

Трамп Перс булуңундагы кризисти чечүүгө жардамын сунуштады


Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, Трамп Катардын эмири Тами бин Хамад Ал Тани менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Катарды исламчыларды каржылоо агымдарын токтотуунун үстүнөн иш алып барууга чакырды.

"Президент тараптарга бир пикирге келүүгө жардам сунуштады, зарылчылык болсо Ак үйдө да жолугушуу өткөрүүгө мүмкүн экенин айтты" деп маалымдады президенттик администрация.

Бир күн мурда Трамп Твиттердеги баракчасына Катардын изоляциясы «терроризмдин аякташынын башталышы» болорун жазган. Буга карабастан АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондун Катарга карата саясаты өзгөрбөй турганын билдирди.

5-июнда Сауд Арабиясы, Бахрейн, Египет, Бириккен Араб эмирлиги, Йемен, Мальдив Республикасы жана Ливия Катарды экстремизмди колдойт деп айыптап, бардык алакаларын үзүшкөн.

Расмий Доха дипломатиялык мамилелерди токтотуу "куру сөзгө" негизделген деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG