Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Түркия менен Иран Катарга колдоо көргөзүштү


Анкара расмий Дохага алардын башка араб өлкөлөрү менен араздашуусунда колдоо көргөзүүдө.

Бул үчүн Түркия парламенти өлкөнүн Катардагы аскерий базасында түрк аскерлерин жайгаштыруу боюнча мыйзамды тездетти.

Түрк өкмөтү ошондой эле Катарды тамак-аш менен камсыздоону сунуш кылды.

Түркияга чейин Катарга азык-түлүк жөнөтүүнү Иран дагы сунуштаган.

Перси булуңундагы кырдаалды талкуулоо үчүн Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Анкарага барды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган кечээ араб мамлекеттерин Перси булуңундагы кичинекей өлкөнү изоляциялабоого чакырып, бул проблеманы чечпесин белгиледи жана талашта ортомчулук кылууну да сунуштады. Бирок, ал талашта Катар тарапта экенин ачык эле көргөздү.

Президент Эрдогандын өзү Катар менен жакшы мамилеси бар. Түркия да, Катар да Египетте "араб жазынан" кийин бир аз бийликте болгон “Мусулман агаиндер” кыймылын колдошкон.

Апта башында Сауд Аравия, БАЭ, Египет, Бахрейн, кийин Ливия Катар менен дипломатиялык мамилесин үзүп, аба каттамдары менен транспорт байланыштарын токтотуп койгон.

Сауд Аравия Катардын товар жана азык-түлүк кирген кургактагы жалгыз чек арасын да өз тарабынан жаап салды.

Араб өлкөлөрү өз чечимин Катар Иранга жакындашып, “экстремисттик” жана “террордук” топторду колдоп жатканы менен негиздешти. Расмий Доха мындай айыптарды четке какты. (UE)

XS
SM
MD
LG