Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

НАСА 18 миңден ашуун талапкерден астронавттыкка 12ни тандады


Астронавт болууга талапкерлер жана вице-президент Майк Пенс. Хьюстон, 07.06.2017.
Астронавт болууга талапкерлер жана вице-президент Майк Пенс. Хьюстон, 07.06.2017.

АКШнын космос агенттиги - НАСА астронавт болууга кызыккан 18300 арыз берүүчүнүн арасынан тандаган он эки адамдын ысымын 7-июнда жарыялады.

Жаш курактары 28ден 42ге чейинки беш аял жана жети эркек НАСАнын акыркы беш жыл ичиндеги алгачкы астронавттар классын түзмөкчү.

Жаңы астронавттарды кабыл алуу иш-чарасына АКШ вице-президенти Майк Пенс да катышып, президент Трамптын администрациясы космос саясаты жана стратегиясы боюна атайын кеңеш түзүүнү мерчемдеп жатканын билдирди.

Азыр НАСАда 44 астронавт бар. Буга чейин астронавт катары болгону 338 гана киши иштеген. (UE)

XS
SM
MD
LG