Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

HRW Гутерришти Борбор Азияда адам укуктары темасын козгоого үндөдү


Укук коргоочулар БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти Борбор Азиядагы сапары учурунда адам укуктарынын абалы тууралуу маселени көтөрүүгө чакырышууда.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин кыйноолорду токтотууга, тынч демонстрацияларга жана өз оюн эркин билдирүүгө уруксат берүүгө үндөйт.

Укук коргоочулардын пикиринде, Гутерриш казак бийлигин адам укуктарын бузгандарды жазалоону камсыздоого чакырууга тийиш.

HRW Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев абактардан бир нече саясий туткундарды бошотуп, эл аралык коомчулук менен тыгыз иштөө ниетин билдиргени менен өлкөдө адам укуктарынын абалы боюнча кескин өзгөрүүлөр байкалбаганын белгилейт.

HRW Гутерриш кыргыз бийлигинин көңүлүн 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдан кийин өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров маселесине бурууга чакырат.

12-июнда Антониу Гутерриш Тажикстанга барат. Баш катчынын сапары акыркы мезгилде өлкөдө жүздөн ашуун юристтер, активисттер камалып, адам укуктары соңку жыйырма жыл ичинде болуп көрбөгөндөй бузулган маалга туш келди. Антониу Гутерриштин Борбор Азия сапары Түркмөнстанда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG