Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:02

Бул тууралуу Кавказ.Реалии сайты жазды.

Жасалма паспорт колдонду деп айыпталып, издөөдө жүргөн Мурат Амриев Чеченстанга жеткирилгенден кийин байланышка чыккан. Анда спортчу РБК агенттигинин журналистине эч ким ага зыян келтирбегенин айткан.

Ага чейин ишемби күнү Amnesty International уюму билдирүү таратып, орус бийлигинен Амриевди тезинен бошотууну талап кылган.

Амриев 4-июнда Брянск шаарында кармалган. Андан кийин “формалдуу бошотулуп” прокуратурага жеткирилген. Ал жерден качып кетип, 8-июнда беларус шаары Дорбушка жакын жерден колго түшкөн. Беларус Амриевди Орусияга өткөрүп берген болчу.

Орусияда Амриевге издөө февраль айында жарыяланган. Укук коргоочулардын баамында, спортчу 2013-жылы Грозныйда кыйноого алынганын айткандан бери чечен полициясынын куугунтугуна кабылган.

XS
SM
MD
LG