Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:54

Президент Алмазбек Атамбаев кайрылуусунда жакындарынан айрылган кыргызстандыктарга кайрат айтуу менен ошол окуяларда бардык тараптан жардам көрсөткөндөргө ыраазылык билдирди.

“Бүгүн ошол күндөрү кан төгүүлөрдү токтотуп, тынчтык менен туруктуулукту орнотуу Кыргызстанга канча кыйын болгонун, элдер, адамдар ортосундагы ишенимди кайтаруу үчүн кандай гана чечимдер, аракеттер көрүлгөнүн эске салгым келет. Андан бери Кыргызстан эл биримдигин жана этнос аралык мамилелерди чыңдоо боюнча өз концепциясын токтоосуз жүзөгө ашырып келатат. Мындай каргаша кайталанбас үчүн бардык чаралар көрүлүүдө, – деп жазылган кайрылууда.

Президентин сөзүндө Кыргызстанда этностор аралык ынтымак бекемделип жатканы белгиленип, 2014-жылы калктын 30% ишенсе, ишеним индекси 2015-жылы 82% өскөн деген изилдөөнүн жыйынтыгы келтирилген.

Президент өлкөдөгү этносторду Кыргызстандын тарыхын, маданиятын урматтоого, үйрөнүүгө чакырат.

Бүгүн июнь окуясынын жети жылдыгы эскерилип жатат. Оштогу “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында өткөн эскерүүгө өкмөт башчы Сооранбай Жээнбеков, 2010-жылы июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана каза тапкандардын жакындары катышты.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам набыт болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган.

XS
SM
MD
LG