Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

Балыкчы-Корумду жолуна 400 млн сом бөлүндү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Каржы министрлигинен билдиришти.

Балыкчы-Корумду жолун оңдоого жогорудагы суммадан башка дагы 600 млн сом бөлүнөт.

Буга чейин Балыкчы-Корумду унаа жолун курууга кошумча каражатты кыргыз өкмөтү MegaCom компаниясынын эсебинен алууну көздөп жатканы айтылган. Анда айрым парламент депутаттары жол курулушуна каражат MegaCom компаниясынан кандай жол менен алынарына кызыгышкан.

Каржы министри Адылбек Касымалиев буга чейин сот иштери жүрүп жаткандыктан MegaCom компаниясынын каражатын алууга мүмкүнчүлүк болбогонун, президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура ишти тездетип, акча каражатына коюлган бөгөт алынганын айткан.

Көл боюндагы Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Бул иш чыр менен коштолуп, тендерде каржы булактары каралбай калганы айтылган. Жолдун жалпы узундугу 104 чакырым.

MegaCom компаниясы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин улутташтырылган. Учурда ага байланыштуу бир нече соттук териштирүү жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG