Ички иштер министрлигинин маалыматында быйыл Эргеш Алиев атындагы ички иштер академиясын жалпы 87 курсант аяктады. Бардык курсанттарга лейтенат наамы берилип, Ички иштер министрлигине, аймактардагы башкамалыктарга ишке алынды.
Кыргызстанда ички иштер тармагындагы кызматкерлердин 15% гана аялдар түзөт. Милициядагы аялдардын басымдуу бөлүгү жашы жете элек балдар менен иш алып барат. Адистер аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында укук коргоо органдарындагы аялдардын санын көбөйтүү керектигин белгилешет.
2010-жылы 1-октябрда экс-президент Роза Отунбаеванын колдоосу менен ички иштер органдарында гендердик теңчиликти орнотуу максатында кыргыз милиция айымдарынын ассоциациясы түзүлгөн.