Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Чоң-Алайга 1462 тонна цемент жеткирилди


Жер титирөөдө жарактан чыккан үйлөр.
Жер титирөөдө жарактан чыккан үйлөр.

Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга арзандатылган баада 1462 тонна цемент жеткирилди. Курулуш материалы 16-майдан бери ташылып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-июнда кабарлады.

3-5-май күндөрү жер титирөөдөн Чоң-Алай районунда ондогон турак жайлар авариялык абалда калып, 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлгөн.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жарандарга цемент 5 сом 10 тыйындан жеткирилүүдө. Базардагы баасы 5 сом 70 тыйын. (SE)

XS
SM
MD
LG