Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:28

Орусияда жол кырсыгында жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Орусиянын Байкал жолундагы кырсык.

Орусиянын Петров-Забайкал районундагы Байкал жолунун 702-чакырымындагы автокырсыкта каза тапкан жана жаракат алгандар арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Кырсык 11-июнда Хохотуй кыштагында болгон. Элүү жүргүнчүсү менен бараткан автобус жолдун татаал аймагында жолдон чыгып, 25-30 метр ылдыйга кулап кетип, 12 адам каза тапкан.​

Азыр 37 адам ооруканада жатат, арасында балдар да бар. Автокырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө. Полиция кылмыш ишин козгогон. Орус бийлигинин маалыматында кырсыкка айдоочунун рулду башкара албай калганы жана жолду оңдоо үчүн бордюрлар алынганы себеп болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG