Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:27

Акыйкатчы адам укуктарынын сакталышы тууралуу маалымат берет


Кубат Оторбаев

Бүгүн Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев өлкөдөгү 2016-2017-жылдардагы адам укуктарынын сакталышы боюнча журналисттерге маалымат берет. Анда Акыйкатчы институтунун ишмердиги тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, фото-көргөзмө уюштурулат.

Буга чейин Акыйкатчы институту Кыргызстандагы аялдар жана жашы жете элек балдардын эмгекке болгон укуктары тууралуу атайын баяндаманы жарыялаган. Иликтөөдө жашы жете элек балдардын бир тобу окуудан алыстагандыгы, көптөгөн жаш балдар шаарларда, айыл жергесинде күнүмдүк кара жумуштарда каржалып иштеп жүргөнү белгиленген.

Укук коргоочулар Кыргызстанда сот адилеттигин камсыздоо жаатында өксүктөр көп деп кабатырланып келет. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Укук коргоочуларды коргоо боюнча эл аралык уюм 15-февралда атайын баяндама жарыялап, Кыргызстанда адилет сот стандарттары бузулду деп сындаган. Ал эми Эл аралык Мунапыс уюму Кыргызстанга байланыштуу 2010-жылкы этностор аралык жаңжалды иликтөө боюнча “нукура аракет” көрүлбөгөнүн кайрадан эске салып, "кыйноого жана аялдарга каршы зомбулукка тиешеси барлар 2016-жылы да жазасыз калып жатты", деп белгилеген.

Кыргызстанда адам укуктары одоно бузулуп жатат деген пикирлерге айрым жергиликтүү саясатчылар макул эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу адам укуктары сакталаарын, каалаган адам эл аралык уюмдарга чейин кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG