Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Индия курама командасына 1:0 эсебинде жеңилди. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн кечээ, 13-июнда Индиянын Бангалор шаарында өттү.
2019-жылы боло турган Азия кубогунун тандоо оюндарынын 3-раундунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Алардын ичинен 12 курама топ финалдык таймашка жолдомо алат. Кыргызстан А тайпасына Индия, Макао жана Мьянма курамалары менен бөлүнгөн. Бул тандоо оюндарынын 1-турунда (28-мартта) кыргыз футболчулары өз талаасында Макао оюнчуларын 1:0 эсебинде жеңип алган.
Индиялык футболчулар Мьянма талаасында конокто ойноп 0:1 эсебинде жеңишке жеткен эле. Алдыда кыргызстандык футболчулар 5-сентябрда Мьянма курамасынын оюнчуларын Бишкек шаарында кабыл алат. 28-мартта башталган Азия кубогунун тандоо оюндары бир жылга созулат. Бул убакытка чейин ар бир курама топ алтыдан оюн өткөрөт. (ECh)