Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Букуев: Азия кубогунун финалына чыгууга умтулабыз


Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Нурдин Букуев.
Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Нурдин Букуев.

Футбол боюнча 2019-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан үч мамлекет менен беттешет. Алгачкы оюн 28-мартта Бишкекте өтүп, кыргызстандыктар Макао курамасына каршы ойнойт.

Мелдешке даярдыктар тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Нурдин Букуев "Азаттык" радиосуна маек курду.

“Азаттык”: Макао курамасы менен оюнга даярдык кандай? Стадиондун абалы талапка жооп береби? Коопсуздук маселесине кандай көңүл бурулуп жатат?

Букуев: Футбол күйөрмандарына маалымдап кетейин, 2019-жылы өтө турган Азия кубогунун жолдомосу үчүн улуттук курама командабыз чоң күрөшкө аттанат. Биздин курама Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасында "А" тобунда Макао, Индия жана Мьянма курамалары менен мөөрөй талашат. Бул командалар менен боло турган мелдештер ушул жылдын 28-мартында башталып, 2018-жылдын 27-мартында аяктайт. Тандоо оюндарынын жеңүүчүлөрү 2019-жылы боло турган финалдык беттешке жолдомо алышат.

28-мартта боло турган алгачкы беттеште кыргыз футболчулары Макао өлкөсүнүн командасына каршы ойнойт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Андан тышкары Кыргызстандын Футбол федерациясы даярдык иштерин кызуу жүргүзүп жатат. Мамлекеттик органдар менен бул маселеде тыгыз кызматташтык бар. Албетте футбол күйөрмандарына ыңгайлуу шарт түзүү жана алардын коопсуздугун камсыздоо аракетиндебиз. ​

“Азаттык”: Оюнга билеттер качан сатыкка чыгарылат жана баасы канча сом болот?

Футбол күйөрмандары
Футбол күйөрмандары

Букуев: Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 19 миңге жакын отургуч бар. Билеттер 18 миңге жакын чыгарылып, оюнга он күн калганда сатыла баштайт. Баасын азыр так айта албайм, бирок күйөрмандардын капчыгына чак келет.

“Азаттык”: Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан үч өлкөгө каршы топ тебет экен. Жалпысынан алты турга созулган оюн 2018-жылдын 27-мартына чейин уланары айтылган. Ошондо Бишкекте канча оюн өтөт?

Букуев: Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында ар бир команда жалпысынан алты оюн ойнойт. Алардын үчөө Бишкекте болот: 28-мартта өтчү 1-турда Кыргызстан менен Макао курамалары беттешет. 5-сентябрь күнү 3-тур өтүп, Мьянма курамасы келет. Акыркы оюн же 6-тур 2018-жылдын 27-мартына белгиленген. Анда Кыргызстан менен Индия командалары Бишкекте таймашат. Калган үч оюнду Кыргызстандын улуттук курамасы конокто өткөрөт.

Футбол күйөрмандары
Футбол күйөрмандары

“Азаттык”: Футбол федерациянын сайтындагы маалыматка таянсак, улуттук курама команданын оюнчулары 18-марттан 26-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында машыгат экен. Учурда улуттук курама командага кире турган оюнчулардын тизмеси толук такталдыбы?

Букуев: Бул боюнча машыктыруучу штаб толугураак жооп бере алат. Кыргызстандагы аба ырайына байланыштуу биздин команда машыгууларды чет жерде өткөрөт. 26-мартта мекенге кайтып, Макао менен беттешке даярданат.

"Азаттык": Улуттук курама команданын курамы күчтүү эле болчудайбы?

Букуев: Футбол федерациясы бул курамага эң күчтүү оюнчуларды чакырууну пландаган. Биз 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтчү Азия кубогунун финалдык таймашына чыгуу дымагыбыз бар.

“Азаттык”: Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын 3-раундунда канча команда ойнойт жана канчасы финалдык беттешке жолдомо алат?

Букуев: Жалпысынан 24 команда катышат. Анын 12си мындан мурдагы тандоо оюндарында аныкталган. Жарымы эми тизмеге кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG