Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Күйдүргү очогу көмүлгөн жерди суу алып кетүү коркунучу сакталууда


Аксынын Бүркүт участкасындагы күйдүргү көмүлгөн аймак.
Аксынын Бүркүт участкасындагы күйдүргү көмүлгөн аймак.

Аксы районунун Авлетим айылындагы Бүркүт участкасында күйдүргү очогу көмүлгөн жерди суу алып кетүү коркунучуна убактылуу бөгөт коюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов билдирди.

Маалыматка караганда, кооптуу 50 чарчы метр аянт таш менен бекемделди. Ошол эле учурда жээкти суу алып кетүү коркунучу сакталууда. 6-7-июнда Авлетим дарыясында суу катуу кирип, күйдүргү көмүлгөн жерге жетип калган. Аны суу алып кетүү коркунучу пайда болгон:

- 8-июнда Аксы районунун акимине, райондук фитосанитардык жана ветеринардык башкармалыктын башчысына кооптуу жээкти бекемдөө боюнча капиталдык курулуш жүргүзүү зарылдыгы эскертилген. Бирок тийиштүү мамлекеттик органдар жээк бекемдөө иштерин жүргүзбөй, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы жергиликтүү бийлик менен бирге суу алып кетүү коркунучун убактылуу жоюу аракеттерин көрдү. Кооптуулук сакталып жаткандыктан, 13-июнда капиталдык курулуш жүргүзүү зарылдыгын райондук бийликке дагы эскерттик. Жалал-Абад облустук администрациясынын 2008-жылдагы токтомуна ылайык, күйдүргү көмүлгөн аймак айыл өкмөттүн балансында. Ар бир мамлекеттик орган - айыл аймагы, райондук бийлик жугуштуу илдеттин жайылышына жол бербөө үчүн өз убагында алдын алуу, жээк бекемдөө, мындай жайларга байкоо жүргүзүүгө милдеттүү.

ӨКМ билдиргендей, күйдүргү көмүлгөн жерлерди дезинфекциялоо жана очогун жок кылуу иштери бир жылда эки жолу жүргүзүлөт. Аксынын Бүркүт участкасына күйдүргү очогу 1984-жылдын 27-июлунда көмүлүп, 50 чарчы метр бетондолгон.

Райондо Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал азыр да сакталып турат. Күйдүргү жана суу ташкын коркунучуна байланыштуу өткөн аптада дубанда өзгөчө кырдаал жарыяланган. (NT)

XS
SM
MD
LG