Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

БШК президенттик шайлоонун календардык планын бекитти


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында быйылкы президенттик шайлоонун календардык планын бекитти. Ага ылайык, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрдан кеч эмес мөөнөттө жарыяланышы керек.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары үгүт өнөктүгүн чагылдырууда кызмат көрсөтүү боюнча тизмени 1-августка чейин БШКга бериши зарыл.

Жогорку Кеңеш бүгүн президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыздоо багытында бир катар тапшырмалар берилди. Токтом кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.

Буга чейин шайлоого катышарын саясатчылар Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жарыялашкан. КСДП премьер-министр Сооронбай Жээнбековду, "Ата Мекен" камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG