Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:22

Гутерреш Ооганстанда качкындар менен жолугушту


БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерреш мурда жарыяланбаган визит менен Кабулга барып, куралдуу жаңжалдан улам жер которууга аргасыз болгон оогандар менен жолугушту. Жаңжалга катышкан бардык тараптар мунасага келүүгө, согушту токтотуунун тынч жолун табууга тийиш, - деди Баш катчы.

- Эл аралык коомчулук, кошуна өлкөлөр, ооган кризисине тиешеси бар тараптар биргелешип аракеттенип, бул урушту аскердик жол менен гана токтотуу мүмкүн эместигин түшүнүшү керек. Эбегейсиз азап чеккен элди жалгыз калтыра албайбыз. Гуманитардык жардамды көбөйтүп, татыктуу жашоого шарт түзүү зарыл.

Бүгүн эртең менен Кабулга конгондон кийин Гутерреш “Улуттар уюму зомбулук, азап чегүү өкүм сүрүп жатканда Ооганстан менен бирге турат", - деп Твиттерге жазган.

31-майда ооган баш калаасындагы ири жардыруу 150 кишинин өмүрүн алып кеткен эле. Бул АКШ баштаган чет өлкөлүк аскерлер киргизилген 2001-жылдан берки эң кандуу кол салуу болуп калды. Гутерреш буга чейин Борбор Азия жумурияттарына, анын ичинде Кыргызстанга барып кеткен.

XS
SM
MD
LG