Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Гутерриштин сапары, жарандык коомдун баасы


БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Ош шаары, 11-июнь, 2017-жыл
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Ош шаары, 11-июнь, 2017-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 11-июнда Кыргызстанга бир күндүк иш сапар менен келип кетти.

Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ошондой эле “Таза коом” эл аралык форумуна катышып, андагы санариптик программаларды ишке ашыруу долбоорун кубаттарын айтты.

Түштөн кийин болсо Ош шаарына барып, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен бирге июнь окуяларын эскерүү иш-чарасына катышып, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушту.

Эл аралык укук коргоочулар Антониу Гутерришти Борбор Азияга жасаган сапары учурунда сөз эркиндиги, адам укуктарынын абалы боюнча кырдаалга көз салууга чакырышкан. Бишкекте болсо жарандык коомдун өкүлдөрү Гутерриштин сапарын утурлай акция уюштуруп, аны менен жолугушууга аракет кылышкан.

Президент менен жолугушуу

11-июнда эртең менен Антониу Гутерриш "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. БУУнун баш катчысы жолугушуу учурунда "Кыргызстан мен үчүн өзгөчө орунда турган өлкө" деп билдирди:

- Борбор Азияга болгон сапарымдын алкагында Кыргызстанга келүүмдүн өзгөчө мааниси бар. Мен аймактагы бардык өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйм. Бирок Кыргызстан мен үчүн өзгөчө орунда турат. Эмнеге? Мен качкындар комиссарлыгында иштей баштаганымда алгач эле кабылган проблеманы чечүүдө Кыргызстан өкмөтүнүн жардамы чоң болгон. Ушундан улам бул өлкөгө карата күчтүү, позитивдүү сезимдерим бар.

Гутерриш: Кыргызстан мен үчүн өзгөчө орунда турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

​Андан соң Антониу Гутерриш “Таза коом” эл аралык форумуна катышып, элдин турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду кубаттаарын да билдирди.

- Кыргыз бийлигинин жаңы технология менен жарандардын жашоосун жакшыртууга, коррупцияны азайтууга, адам укуктарын коргоого көмөктөшө турган "Таза коом" долбоорун кубаттайбыз, - деди ал.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Июнь окуяларын эскерүү

11-июнь күнү түштөн кийин болсо Ош шаарына барып, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен бирге июнь коогалаңынын курмандыктарын эскерүүгө катышты. Анда өкмөт башчы Гуттеришке Кыргызстанда тынчтыкты бекем орнотуу аракеттери ийгиликтүү болуп жатат деп маалымат берди:

- Жергиликтүү бийлик менен бирге этностор аралык мамилени чыңдай турган агенттик түзүлгөн. Бул иштеп жатат, буйруса. Буйруса, 2010-жылдан бери бери биздин улуттар аралык ынтымагыбыз чыңдалып, бекемделип жатат. Бир мисал айтып кетейин. Өзгөн шаарында акыркы үч жылда 200 ар башка улут өкүлдөрү баш кошту. Бул дагы бардык улуттар, жалпы элибиз ынтымак, биримдик баа жеткис байлык экенин түшүнүп жатканын көрсөтөт.

Оштогу эскерүү иш-чарасы.
Оштогу эскерүү иш-чарасы.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кыргыз бийлигинин июнь коогалаңын токтотуу аракетин жогору баалады. Ошол эле кезде бийликти тынчтыкты куруу аракеттерин тынымсыз жүргүзүп турууга чакырды:

- Албетте ушул жылдары сиздер тынчтыкты орнотуунун үстүндө абдан көп эмгектендиңиздер. Бирок мындай аракеттер эч качан токтобошу керектигин унутпоо зарыл. Анткени көп диндүүлүк, көп улуттуулук - байлык. Биз баарыбыз көп түрдүүлүк байлык экенин унутпашыбыз керек. Саясий, маданий, экономикалык жана диний жактан баарыбыз ошол көп түрдүүлүктү сугарып турушубуз керек.

Оштогу расмий билдирүүлөрдөн кийин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту.

Ош шаарындагы жолугушуу.
Ош шаарындагы жолугушуу.

Жарандык коом өкүлү Акылбек Ташбулатов дүйнөлүк деңгээлдеги фигуранын Кыргызстанга келишин өлкө үчүн чоң окуя катары сыпаттады:

- БУУнун баш катчысынын биздин өлкөгө көңүл бөлүп, атайын иш сапар менен келиши мамлекетибизге чоң таасирин тийгизет.

Укук коргоочулардын баасы

Эл аралык укук коргоочулар БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти Борбор Азиядагы сапары учурунда адам укуктарынын абалы тууралуу маселени көтөрүүгө чакырышкан. Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин кыйноолорду токтотууга, тынч демонстрацияларга жана өз оюн эркин билдирүүгө уруксат берүүгө үндөгөн болчу.

Бишкектеги кыргызстандык укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү болсо, Гутерриш менен жолугушуу мурда пландалганын, бирок кийин кайра мындай мүмкүнчүлүктөн ажыраганына нааразы болуп, БУУ үйүнүн алдында “Саясий жана жарандык укуктарды коргоо” боюнча эки күн катары менен нааразылык акцияларын уюштурушкан болчу.

Ошондой эле “Атамбаевге эл аралык милдеттерди эскерткиле!” деп, БУУ баш катчысына атайын кайрылуу да жасашкан. Анда “2016-жылдын мартында саясий туткундар 4 киши болсо, азыр алардын саны 25 адамга жеткени” белгиленген. Ошондой эле “биз президенттин бул аракеттерин башкача ой жүгүрткөндөрдү куугунтуктоо аракети катары баалайбыз” деп айтылган.

Укук коргоочулардын БУУ үйүнүн алдындагы акциясы.
Укук коргоочулардын БУУ үйүнүн алдындагы акциясы.

Антониу Гутерриштин Оштогу жарандык коом менен болгон жолугушуусуна катышкан Гүлгаакы Мамасалиева БУУ баш катчысы менен болгон кездешүүгө ичи чыкпаганын айтты:

- Негизи бул жолугушуу эркин, ачык уюштурулган жок. Жалаң даярдалган, бийликке ыңгайлуу кишилерди чакырыптыр. Мен улам кол көтөрүп жатып суроо бердим. Бизде бейөкмөт уюмдарды жана журналисттерди сот аркылуу куугунтуктоо кадимки көрүнүшкө айланганын айттым. Бирок ага Гуттериш жооп берген жок. Премьер-министр гана аткаминерлерде да өз абийирин сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүгү бар. Биз андан пайдаланабыз деп жооп берди.

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун мүчөсү, жарандык активист Зулфия Марат БУУ баш катчысы өз сапары учурунда Бишкектеги укук коргоочулар менен жолукпаганына өкүнүп турганын айтты:

- Биз БУУга эл аралык милдеттерди Атамбаевдин эсине салууну сунуштаганбыз. Ал сөз эркиндигин, эркин пикир айтуу укугун, сот системасынын көз карандысыздыгын бузуп жатат дегенбиз. Азыркы бийликти саясий колдоо деп таанууга мүмкүн болгон программаларды каржылоону токтотууга чакырганбыз. Биринчи кезекте, бул маселе шайлоо программаларын каржылоо менен байланыштуу. Себеби, ПРООНдун кандайдыр бир техникалык жаңычылдыктарга колдоо көрсөткөнү эки жүздүүлүктүн ого бетер күчөшүнө көмөктөшөт деп эсептейбиз. Анын (Антониу Гуттериштин) сапарынын күн тартибинде жарандык коомчулук менен жолугушуу турган жок. Бул бизди кабатыр кылат. Анткени, жада калса БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы абалга көз салып, байкоо жүргүзүү мандатына ээ эмес. Муну менен алар адам укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзө албай калды. Мындан улам биз БУУнун имаратынын алдына чыгып, өз талаптарыбызды айтып, аны кеңседе калтырдык.

Бул - Антониу Гутерриштин Кыргызстанга экинчи жолу келиши. Ал 2010-жылы БУУнун качкындар иши боюнча комиссариатын жетектеп турганда да Ошто болуп, коогалаңдын кесепеттерин жоюуга катышкан. Кыргызстандагы жолугушууларда ал муну өзү да эскерип өттү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG