Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:31

Мамдума Орусияга бергилдендиги тууралуу анттын текстине сынак жарыялады


Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус жарандыгын алганы жаткан жарандар берчү анттын текстине сынак жарыялады. Парламенттин төмөнкү палатасы бардык каалоочуларды өз варианттарын Mail.ru. сервисиндеги электрондук дарекке жөнөтүүнү өтүнгөн. Буга чейин Орусияга берилгендиги тууралуу анттын тексттин айрым депутаттар менен акындар жөнөтүшкөн. Бүгүн ушул маселеге байланыштуу атайын түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы жыйыны болот. Жыйындын катышуучулары алгач текстте камтыла турган принциптерди, андан кийин тексттин өзүн кароого өтөт. Жумушчу топко белгилүү режиссер Никита Михалков, президенттин адам укуктары боюнча кеңешчиси Татьяна Москалькова, адам укуктары боюнча президенттик кеңештин мүчөсү Николай Свинадзе бар.

Орусия жарандыгын алып жаткан чет өлкөлүктөрдүн антын кабыл алуу сунушу Мамдумада өткөн айда мыйзам долбоорду талкуулаган учурда айтылган. Бул сунуш Санкт-Петербург метросундагы теракттан кийин берилип, президент Владимир Путин колдогон. Ал мындай тажрыйба айрым мамлекеттерде бар экенин айтып, анттын текстин ойлонуп көрүүнү сунуштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG