Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Депутат Жылдыз Мусабекова парламент жыйынына келди


Бир канча убакыттан бери парламентте көрүнбөй калган депутат Жылдыз Мусабекова 15-июндагы жыйынга келди. Ал Нарын облусунун бир катар райондорунда эл менен жолугуп, саламаттык сактоо багытындагы маселелерди талкуулаганын айтты. Аймакка тийиштүү дарыгерлерди жөнөтүү зарылчылыгы бар экенин белгиледи.

2-майда КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова менен “Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулованын телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиосу интернетке чыккан. Анда депутат өзү жөнүндө такталбаган маалымат таратканы үчүн журналистти опузалаганы жазылган. Кийинчерээк эл өкүлү ал аудио монтаждалганын билдирген, бирок журналист жазуу жасалма эместигин айткан.

Экөөнүн жаңжалы коомчулукта кызуу талкууланып, КСДП лидери Иса Өмүркулов эл өкүлүнүн жоругу фракция жыйынында караларын, моралдык жагы талкууланарын билдирген. Бирок Мусабекова бир канча жолу жыйынга келбей койгону кабарланган эле.

Журналист президентке, парламент спикерине, КСДП фракциясынын лидерине, Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрайымына, маданият, маалымат жана туризм министрине 12-майда Фейсбук аркылуу кайрылган. Мындан кийин журналисттин даттануусун президенттик аппарат карай турганы айтылган. Президенттик аппараттын маалыматык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин даттануусу парламентке жөнөтүлгөнүн 13-июнда “Азаттыкка” билдирген.

XS
SM
MD
LG