Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:30

Сузакта чагылган тийген адамдын абалы оор


Иллюстрация.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орто-Азия айылында чагылган тийген 22 жаштагы жигиттин абалы оор бойдон калууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Маматжан Мияновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, жараат алган адам азыр ооруканада жатат, эсине келе элек.

Чагылгандан ал денесинен 1-2-даражадагы күйүк алып, 14-июнда облустук клиникалык ооруканага түшкөн. Ал кой кайтарып жүргөн Күрөбөз жайлоосуна 13-июндун түнү чагылган түшкөн.

Май айында Аксы районунда 7-класстын окуучусу чагылган тийип каза болгон. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG