Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Камактагы оппозициячыларды 18 жылга чейин кесүү сунушталды


Камактагыларды колдоо акциясы.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген айып менен камакка алынган Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовдун ишин карады.

Мамлекеттик айыптоо Талгарбеков менен Колубаевге 18 жыл, Гусев, Калматов, Марат Султановго 16 жыл жаза мөөнөтүн сурады. Бүгүн жараянда жарыш сөз башталды. Эмкиде жактоочулар, андан кийин айыпталуучуларга сөз берилет.

Биринчи Май райондук соту быйыл 17-апрелде бул беш адамдан тышкары жогоркудай кине коюлган оппозициячылар Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айткан. Өздөрү жана жергиликтүү жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет. Ишти сот жабык карап жатат.

“Элдик парламент” деп аталган оппозициялык кыймылдын жогоруда аты аталган мүчөлөрүн "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен 2016-жылдын май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы камакка алган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG