Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Жалал-Абад: шаардык кеңеш депутаттары мандат алышат


Бул тууралуу БШКнын аймактык өкүлү Дамир Жүндүбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бүгүн мандат берилгенден кийин он төрт күн ичинде шаардык кеңеш алгачкы сессияга чогулууга тийиш.

2016-жылдын 11-декабрында шайланган 5 партиянын өкүлдөрүнөн турган кеңеш мэр шайлоодо бир пикирге келе албай, ушул жылдын март айында өзүн-өзү тараткан болчу. 28-майда кайра шайлоо өтүп, ага 7 партия катышкан. Анын алтоо - "Өнүгүү-Прогресс", КСДП, "Ата Журт", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Республика" партиялары шаардык кеңешке өткөн.

Ишембиде “Өнүгүү” жана “Ата-Журт” партиялары Жалал-Абадда биргелешкен маалымат жыйын куруп, коалициялык көпчүлүк түзүү үчүн калган партияларды биригүүгө чакырды. (NT/RsK)

XS
SM
MD
LG