Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

АКШдагы GENIUS олимпиадасында кыргызстандык окуучулар жеңишке жетти


АКШдагы сынакка окуучуларын жиберген “Сапат” билим берүү мекемесинен билдиришкендей, GENIUS олимпиадасына он окуучу барган. Алар алты долбоор даярдап, аны англис тилинде тааныштырган.

Жыйынтыгында 6-класстын бул окуучулары эки алтын, эки күмүш, бир коло медаль алышты. Беш долбоор алдыңкы орундарга жетишип, бирөө кызыктыруучу сыйлыкка татыган.

Олимпиадага дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн 12-18 жаштагы окуучулар катышып, экологияны коргоо багытындагы эмгектерин назарга коюшту.

GENIUS олимпиадасы 12-17-июнда Нью-Йоркто өттү.

"Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги сынактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жатышат.

АКШда жашаган түркиялык диний аалым Фетхуллах Гүлендин кыймылына тиешелүү деп айтылган “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси апрелде "Сапат" болуп өзгөртүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG