Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 06:48

Британия менен Евробиримдиктин Брексит боюнча расмий сүйлөшүүлөрү бүгүн Брюсселде башталат.

Британдар уюмдан чыгууну тандаган референдумдан дээрлик бир жыл өткөндөн кийин өтүп жаткан бул сүйлөшүүгө Британиянын Брексит боюнча министри Дэвид Дэвис жана Евробиримдиктин расмий өкүлү Мишель Барнье катышат.

29-мартта британ премьер-министри Тереза Мэй Лисабон келишиминин уюмдан чыгуу шарттары жазылган 50-беренесин ишке киргизген. Бул жол менен Британия 44 жылдык мүчөлүктөн кийин Евробиримдиктен чыгарын расмий жарыялаган. Эки жылга созула турган сүйлөшүүдөн кийин Британия уюмдан кандай шартта чыгары анык болот.

8-июнда Британияда өткөн парламенттик шайлоодон кийин британ саясатчылары өкмөт башчы Тереза Мэйди Брексит боюнча позициясын жумшартууга, Евробиримдиктин дээрлик жарым миллиард кардардан турган бирдиктүү рыногу менен байланышты үзбөөгө чакырып жатышат.

Мөөнөтүнөн мурда жарыяланган шайлоодо Мэйдин Консерваторлор партиясы парламенттик көпчүлүккө ээ боло албай калган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG