Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кытай элчилигиндеги жардырууга айыпталгандардын акыркы сөзү угулду


Жардыруу болгон күнү тартылган сүрөт. 30-август, 2016-жыл.
Жардыруу болгон күнү тартылган сүрөт. 30-август, 2016-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги жардыруу боюнча ишти 21-июнда карады.

Жардырууну уюштурууга жардам берди деген үч адам тең айыптоолорго макул эместигин билдиришти. Биринчи айыпталуучу Түркиядан келе жатып, террорчуларга таандык деген жүктү ала келип кармалып калганын, окуяга тиешеси жоктугун айтты.

Айыпталуучулардын дагы бири алгач бул иште күбө катары чакырылып, кийин тергөөдө кине тагылганына нааразылык билдирди. Анын айтымында, ал террорчулар үчүн деген миң долларды Бишкекке жөн гана таксист катары жеткирип берген жана ал кандай максатта иштетилерин билген эмес. Үчүнчү айыпталуучу аял киши. Ал дагы бул иште өз айыбын моюнга алган жок.

Судья Адылбек Субанкулов айыпталуучуларды уккандан кийин, өкүм чыгарууну 27-июнга калтырды.

2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон. Элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук комитети кылмыш ишин козгогон.

Жардырууну 33 жаштагы уйгур тектүү адам ишке ашырганы, ал буга чейин Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталганы айтылган.

Терактка шектелип беш киши кармалып, экөөнүн иши далилдер жетишпегенине байланыштуу кое берилген. Булардан сырткары төрт адамга издөө жарыяланган. Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракетке катышкан, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ал-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү. (ErN)

XS
SM
MD
LG