Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:17

Зордуктоого кабылды деген секелектин энеси Жогорку Сотко даттанды


Иллюстрация.

Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылынын тургуну Насиба Нурматова секелек кызын зордуктоого аракеттенди деген адамдын акталганына нааразылык билдирүүдө. Ал соттун акыркы чечимине макул болбой Жогорку Сотко доо арыз жолдогонун “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Быйыл апрелде Ош шаардык соту "кызды зордуктоо аракети териштирүүдө аныкталбады" деген жүйө менен шектүүнү актаган. Жабырлануучу тарап өкүмдүн үстүнөн Ош облустук сотуна кайрылган. 2-июнда облустук сот шаардык соттун шектүүнү актаган өкүмүн күчүндө калтырган.

Насиба Нурматова былтыр июнда 11 жаштагы кызын 30 жаштагы коңшусу зордуктоого аракеттенгенин, ал адамдын туугандары тынымсыз кодулагандыктан, төрт баласы менен Бишкекке жер которууга мажбур болгонун айтып келет. Окуяга шектелген адамдын жакындары секелек зордуктоо аракетине кабылды деп айтылгандарды четке кагып, күнөөнү жабыркаган тарапка оодарып жатышат.

Сот жүрүмү ызы-чуу менен коштолуп, өткөн айда Ноокат райондук сотунун чечими менен шектелген адамдын энеси жана эки бир тууганы адвокат менен жабырлануучуга кол көтөрдү деген негизде бир жылдан шарттуу түрдө кесилген.

Быйыл январда секелекти зордуктоо аракетине байланышкан ишти караган учурда алар кыздын энеси менен адвокатка кол көтөрүшкөнү тартылган видео интернетке тараган. (NT)

XS
SM
MD
LG