22-июнда Казакстан парламентинин жогорку палатасы "террористтик кылмышы" үчүн жарандыктан ажыратууну караган мыйзамды жактырды. Май айында аны төмөнкү палата - мажлис кабыл алган. Эми президент кол койсо өзгөртүү күчүнө кирет.
Мыйзам долбооруна ылайык, эгер казак атуулу кылмыштуу топ уюштурса же ага мүчө болсо, "өлкөнүн өтө маанилүү кызыкчылыктарына оор зыян келтирсе", биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө коркунуч жаратса жана дагы бир катар кылмыштар үчүн сот аркылуу жарандыктан ажыратылышы мүмкүн.
Демилгенин сынчылары мыйзамдагы "Казакстандын өтө маанилүү кызыкчылыктары" деген норма так эмес, ал оппозиция мүчөлөрүнө, анын ичинде чет элде ыктыярдуу бозгунда жүргөндөргө карата колдонулушу мүмкүн деп сындап келишет.
Ал эми юстиция министри Марат Бакентаев мыйзам долбоору “саясатка эч байланышы жок”, “саясий аспап” катары колдонулбайт деп ишендирүүдө.