Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

АКШ Донбасстагы жикчилдерди айыптады


 Донбасстагы салгылаштын изи
Донбасстагы салгылаштын изи

АКШ Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилдер эл аралык байкоочуларды "куугунтуктап, зомбулук көрсөткөн" деп айыптап чыкты.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хизер Науэр жикчилдер 20-июнда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочуларынын унаасын аткылашканын, ал эми апрелде мониторингчилерди коштоп жүргөн америкалык фельдшердин унаасы жардырылып, өзү өлгөнүн белгиледи.

"Бул инциденттер Украина чыгышында болуп жаткандарга эл аралык коомчулук көз салбасын деген аракеттердин бир бөлүгү", - деди Науэр.

Ал ошондой эле мындай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн Орусияны жикчилдерге таасир этүүгө, эл аралык милдеттемелерин аткаруу менен ЕККУ байкоочуларынын ишине эркин жана коопсуз мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды.

Украина чыгышында 2014-жылдын апрелинен бери украин өкмөттүк аскерлери жикчилдер менен салгылашууда. Андан он миңден ашуун киши мерт болду.

XS
SM
MD
LG