Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

Казакстан Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү четке какты


Казак аскерлери машыгуу учурунда
Казак аскерлери машыгуу учурунда

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сирияга аскер жөнөтүү боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын четке какты.

23-июнда министрликтин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө "Казакстан Сирияга аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча эч ким менен сүйлөшүү жүргүзгөн жок. Сириядагы төрт деэскалация аймактарынын эффективдүүлүгү менен коопсуздугу кантип камсыздалары Астана сүйлөшүүлөрүндөгү кепил өлкөлөрдүн компетенциясындагы маселе", деп жазылат.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Мамдуманын коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов Сирияга мониторинг үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргенин жазып чыгышкан. Анда Шамановдун Кыргызстан жана Казакстан расмийлери менен бул маселе талкууланып жатканын, акыркы чечим кабыл алына электигин айткан.

Кыргыз тарап бул маселе боюнча Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинде сөз болгонун ырастаган.

XS
SM
MD
LG